Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Президент Жапаров санарипке өтпөгөн министрлер кызматтан кетерин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскертти. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирди.

“Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз”, - деп жазды.

Президент жарыялаган таблицада Каржы министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, Юстиция министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Президенттин алдындагы башкаруу академиясы, Бажы кызматы, Салык кызматы, Каржылык чалгын кызматы, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин отчет бербегени жазылган.

Былтыр декабрда өкмөттүн жыйынына катышкан президент Садыр Жапаров 10 айда 1000 тоннага жакын кагаз сатылып алынганын белгилеп, “1-июлдан тартып сиздерге кагаз сатып алууну токтотобуз, ошондуктан электрондук документтерге өтүү зарыл” деп эскерткен.

Министрлер кабинети 18-апрелде мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул чара учурдагы кагаз керектөөнү 50% кыскартып, өлкө казынасы жылына 112 миллион сомго жакын каражат үнөмдөй турганы айтылган.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG