Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштеринин бири токтотулду


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганын адвокаты Кайсын Абакиров «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарды. Башка иштер боюнча тергөө уланууда. Азырынча Башкы прокуратурадан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

ИИМдин басма сөз кызматы Бейшеналиевдин бардык иштери милицияда тергелип, анын жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөтөрүн билдирди. Бул боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Жактоочусу буга чейин кылмыш иште материалдык чыгым жок экенин белгилеп, 2021-жылы алынган “Синофарм” вакцинасынын каржылоосун Дүйнөлүк банк төлөп бергени белгилүү болгонун айткан.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы прокуратура эл аралык жардамга карабай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Бейшеналиев 16-июнда үй камагына чыккан. 25-июнда президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиев боюнча пикирин айтып, "экөөндө тең күнөө барын" билдирген.

Жапаров эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматка киришкенине, Бейшеналиев үй камагына чыгарылганына байланыштуу "соодалашуу жүргөн окшойт" деген күмөн ой жаратканы тууралуу суроого андай эмес деген таризде жооп берген. 16-июнда Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришкен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG