Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Ошто "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү мөөнөтү создукту


Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаттары жолдордун абалы менен таанышкан учурда белгилүү болду.

Шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова "Азаттыкка" билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү багытында иш начар жүрүп жатат.

Ош шаарынын патрулдук милициясынын жетекчиси Алберт Абдыкеримов автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү үчүн бөлүнгөн атайын бөлмөдө жабдуулар жана компьютердик техника жоктугун билдирди. Анын айтымында, жол чийимдери да толук чийилип бүтө элек.

Кыргызстанда аталган долбоор эки этап менен ишке кирери айтылган. 2019-жылдын февралында анын биринчи этабы Бишкекте ишке киргизилген. Ал эми экинчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча тендерди Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы утуп, 2 миллиард 654,558 миллион сом сунуштаган.

Кытайлык компания жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек.

Экинчи чоң шаар - Ошто долбоор 2020-жылы декабрда ишке киргизилери жарыяланган. Азыркыга дейре иштебей турат. Долбоордун кечеңдешинин себеби айтыла элек. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG