Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Жети-Өгүздө Үркүндү эскерген жүрүш өтүүдө


Үркүндүн курмандыктарын эскерген жөө жүрүш Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргын-Сай деген жерде башталды. Жүрүшкө 60ка чукул адам катышууда. Арасында 1916-жылдагы Үркүн учурунда Кытайга журт которууга аргасыз болгондордун урпактары, коомдук ишмерлер, «Эсимде» долбоорунун катышуучулары бар. Алар эки күн бою көтөрүлүш маалында жергиликтүү тургундар баскан из менен жөө жүрүшөт.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. 1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG