Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ислам шериктештиги оюндары: кыргызстандык төрт балбан финалга чыкты


Үзүр Жусупбеков V Ислам шериктештиги оюндарында грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жарым финалда ирандык Мехди Балихамзехдени 7:3 эсебинде утту.
Үзүр Жусупбеков V Ислам шериктештиги оюндарында грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жарым финалда ирандык Мехди Балихамзехдени 7:3 эсебинде утту.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык төрт балбан: Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Калидин Асыкеев жана Тынарбек Шаршенбеков финалга чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиева билдирди.

Маалыматка караганда, 12-августта кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта айлампа тартибинде өткөн таймаштарда алгач Кот-д`Ивуар өкүлү Айюин Эмини, 2-айлампада индонезиялык Хидаят Варадиса Септи Путрини, жарым финалда түркиялык Мехтап Гултекинди (10:0) утуп, финалга чыкты. Алдыда алтын медал үчүн алгачкы айлампада беттешкен Кот-д`Ивуар спортчусу Айюин Эми менен күрөшөт.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков алгач алжирлик Адем Боуджемди, 1/4 финалда түркмөнстандык Айбегшахзада Курраевди, жарым финалда ирандык Мехди Балихамзехдени утуп (7:3), финалга чыкты. Алдыда алтын байге үчүн өзбекстандык Рустам Ассакалов менен беттешет.

63 килограмм салмакта Тынар Шаршенбеков 1/4 финалда алжирлик Абделжебар Жеббарини, жарым финалда түркмөнстандык Азат Ачиловду утуп, финалга чыкты. Алтын медал үчүн алдыда ирандык Ширзад Али Бехештитала менен таймашат.

86 килограмм салмакта Калидин Асыкеев финалда азербайжандык Рафик Хусейнов менен күрөшөт. Ал алгач өзбекстандык Мухаммодкодир Расуловду, жарым финалда иорданиялык Ейд Султан Али Мохд Даменди жеңди.

Андан сырткары күрөштүн бул түрүнөн 72 килограмм салмакта Бек Коңурбаев менен кыз-келиндер күрөшүнөн 65 килограмм салмакта Дилназ Сазанова коло байге үчүн күчүн сынайт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.


V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. Ушул учурда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев алса, күрөштүн ушул эле түрүнөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG