Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Акыйкатчы институту: Камил Рузиевге кылмыш иши негизсиз козголгон


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Акыйкатчы институту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши, сотуна байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда "башынан баштап бардык тергөө амалдары коомдук резонанс жаратып, аны жергиликтүү, эл аралык укук коргоо уюмдары терс баалаган жана бул окуя "укук коргоочуну куугунтуктоо" катары сыпатталган. Акыйкатчы институту дагы мындай пикирлерге кошулат. Акыйкатчы Рузиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу ишине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине негизсиз баа берилген деп эсептейт",-деп жазылган маалыматта.

Апта башында Рузиев тууралуу Теңчилик үчүн коалициясы кыймылы кыргыз бийлигине, бардык укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга кайрылып, кылмыш ишинин токтотулушу керектигин айтышкан.

Рузиевге байланыштуу сот отуруму 12-августта уланат. Укук коргоочу өзү бул күнү чечим чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышат.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG