Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:31

АКШ Украинаны колдоо үчүн 4,5 миллиард доллар бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары Украинанын өкмөтүнө 4,5 миллиард доллар бөлөт. Каражат бюджетти колдоого, ооруканалар менен мектептердин электр энергиясын төлөөгө, дарыгерлердин, мугалимдердин жана башка мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына коротулат. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин сайтына жарыяланды.

Акча Дүйнөлүк банк аркылуу берилет. Алгачкы 3 миллиард доллар август айында которулат деп күтүлүүдө. АКШ которгон каражат Украинадагы жакырларга, майып балдарга жана өлкөнүн ичинде согуштан улам жер которууга аргасыз болгондорго социалдык жана каржылык жардам көрсөтүүгө жумшалышы керек.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча согуштан улам 2023-жылдын аягына чейин украиналыктардын 55% жакырчылыкка кептелет. Согуш башталганга чейин бул көрсөткүч 2,5% болгон.

АКШнын Украинага берген жардамы июль айында 1,7 миллиард, июнда 1,3 миллиард долларды түздү. Вашингтон мындан тышкары миллиарддаган долларга аскердик колдоо көрсөттү. 8-августта АКШнын Коргоо министрлиги Украинанын куралдануусу үчүн дагы бир миллиард долларлык жардам бөлүнгөнүн кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG