Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Орус аскерлери Украинадагы калктуу конуштарды аткылады


Орусиянын аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн позициялары жана бир нече калктуу конуштарга ар кыл багыттан аткылашты.Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады. Ага ылайык, Донецк облусунда орус аскерлери Украинанын аскер бөлүктөрү ээлеп турган позицияларды аткылап, башка багыттарга жылууга тоскоол болууга аракет кылды. Ушул эле күнү өлкөнүн Коопсуздук кызматы украин өкмөтүндөгү эки ири жетекчиге кол салуу боюнча планды ашкере кылганын жарыялаган.

Андагы маалыматка караганда, орусиялык агенттер Украинанын коргоо министри Алексей Резников жана аскер чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановду кол салууну көздөшкөн. Бул кылмышка шектүүлөр делген топ адамдын кармалганы тууралуу тасма Telegram каналдардын бирине жарыяланды. Бирок аны эркин булактардан тактоо мүмкүн боло элек.

Ал тапта Орусия дайындаган Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов украин күчтөрү Антонов көпүрөсүнө сокку урганын кабарлады. Көпүрөнү оңдоп жаткан жумушчулардын техникасы күйүп кеткен.

Июлдун этегинде украин жоокерлери Днепр дарыясындагы көпүрөнү аткылаганда, жол жүк ташыган машинелер үчүн убактылуу жабылган.

25 метрлик көпүрөнү орус аскерлери көзөмөлдөп, аны менен дарыянын оң жээгиндеги аскерлерин камсыздап турат. Көпүрө талкаланса, орус аскерлери байланышсыз калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG