Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Сербиядагы өзбек мигранттары укуктары бузулуп жатканын айтып чыгышты


Сербиядагы өзбек мигранттары.
Сербиядагы өзбек мигранттары.

Сербияда иштеп жаткан өзбекстандык мигранттар «Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылып, иш келишимдери бузулуп жатканына, жумуш шартынын начардыгына арызданышты. Алардын айтымында, өкмөт алдындагы агенттик аркылуу Сербияга бадыраң терүүгө жиберилген 500дөй мигранттын жарымынан көбү мекенине акчасына ала албай, куру кол кеткен. Аларды иш берүүчү себебин айтпай жумуштан айдап жиберген. Алардын бири Шерзодбек Норматов буларды айтты:

«Биз агенттиктен Сербияга иштеп келүү сунушун Телеграмдагы канал аркылуу алганбыз. Майда сынак болуп, июнь айында Сербияга келдик. Сербиялык иш берүүчүлөр бизди сөгүп, басмырлашат. Күнүгө 12 сааттан иштейбиз. 3-4 саат сайын он мүнөткө тыныгуу берилет. Келишимдер бизди кызыкчылыкты эске албастан түзүлгөн»,- дейт ал.

Алар Сербияга Өзбекстандын Эмгек министрлигинин алдындагы Четтеги эмгек миграциясы боюнча агенттик аркылуу кетишкен.

Министрликтин маалымат катчысы Ортикхожа Норов «Озодликке» кырдаал алардын көзөмөлүндө экенин маалымдады. Ал ошондой эле үч жүздөй адам Сербияда ишин улантып жатканын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG