Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Украинада оккупациялык бийлик башчысынын орунбасары кол салуудан каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Украинанын Херсон облусундагы оккупацияланган Нова Каховка шаардык администрациясынын башчысынын орунбасары Виталий Гура кол салуудан каза болду. Бул тууралуу аталган администрациянын башчысынын дагы бир орунбасары Екатерина Губаревага шилтеме берүү менен ТАСС агенттиги билдирди.

РИА Новости булактарынын айтымында, ишемби күнү эртең менен Гураны үйүнүн жанында атып кетишкенден кийин оор абалда ооруканага түшкөн.

Бир күн мурун Херсон облусунун оккупацияланган администрациясынын башчысы Владимир Салдо "ууланды" деген шек менен ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тараган.

Baza Телеграм каналы Салдонун Крымга өтө оор абалда жеткирилгенин жана ал жерден аны дарыгерлер медициналык кома менен Москвага алып барууну чечишкенин жазды.

Нова Каховка орус баскынчылардын карамагындагы Херсон шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG