Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Украинанын Донецк облусунда кармаш күчөдү


Украинанын куралдуу күчтөрүнүн техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку суткада Украинанын Донецк облусунун аймагында кармаш күчөдү. Орус аскерлери менен Москва колдогон жикчилдер Киевдин күчтөрүн Бахмут жана Авдеевка шаарларынан сүрүп чыгууга аракет кылды.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин орун басары, генерал Алексей Громов кабарлагандай, украиндер бул шаарларда аларга туруштук берип, мизин кайтарды. Алар эки айылда чегинип, эки айылды бошото алышты.

Орусия мындан сырткары армиясын Херсон облусуна жыйнай баштады. Киев бул облустагы орус аскерлерин жана курал-жарак кампаларын талкалап, артка сүрө баштаган эле.

Украин президентинин кеңсеси орус тарап Запорожье, Харьков, Чугуев, Соледар, Марьинка, Шевченко, Никополь, Торецк шаарларын аткылаганын билдирди. Андагы турак жайларды аткылоодо бир нече адам өлдү. Президент Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бир эле шаарда ондогон адам мерт болгонун маалымдады.

“Бүгүн орусиялык террорчулар Донецк облусунун Торецк шаарындагы коомдук транспорттун аялдамасына сокку урушту. Сегиз адам өлдү, жараат алгандардын үчөө наристе. Көп кабаттуу үйлөр жабыркады. Ошондой эле чиркөө зыян тартты, анын кызматкери жарадар болду. Бул баскынчылардын билип туруп жасаганы, жүзүкаралык менен аткарылган кезектеги террордук акт. Алар жайкын тургундарды атып жатканын билет, карапайым адамдар жабыр тартсын деп ошентип жатышат”, - деди ал.

Орусия колдогон жикчил топтор украин тарап соңку суткада Донецк шаарын аткылаганын, андан кеминде беш адам өлүп, он чакты киши жарадар болгонун билдирди. Бул шаар 2014-жылдан бери жикчилдердин колунда, облустун көп аймагы Киевдин көзөмөлүндө.

Орусиянын аскерлери Украинага 24-февралда басып кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG