Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты


Мээрим Тилекова.
Мээрим Тилекова.

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 4-августта анын адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасына жазды.

Жактоочунун айтымында, 4-августта Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын билдирген.

12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген.

Кылмыш ишин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө башкармалыгы тергеп жатат. Буга чейин адвокаттын Тилекованы үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчү сотто четке кагылып келген.

Бейшеналиевге коррупцияга байланыштуу бир нече айып тагылган. Ал да камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG