Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Кадамжайда тамакка уулангандардын саны 108 адамга жетти


Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кадамжай районунда тамак-ашка уулангандардын саны 108 адамга жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык алардын жыйырма үчү ооруканада жатат, ичинде эки бала да бар.

30-июлда "Алмаз" кафесиндеги тойго барган 250 кишинин көбү ууланган. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Көбү кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.

Сурамжылоо маалында алар тойдо камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айтышкан.

Мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, кафе текшерилип, жабылган болчу.

Тамакка уулануу Кыргызстанда биринчи ирет болуп жаткан жок. Быйыл июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндө "Ага-ини" жана "Таж-махал" тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага түшкөн. Ошондой эле уулануу Ош шаарында да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG