Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Жапониядагы жана Түркмөнстандагы элчилер кызматынан бошотулду


Талант Султанов жана Мирлан Арстанбаев.
Талант Султанов жана Мирлан Арстанбаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Мирлан Арстанбаев Кыргыз Республикасынын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы 2-августта билдирди.

Мирлан Арстанбаев Жапониядагы ишин Токио шаарындагы резиденцияда отуруп 2021-жылдын июлунан бери Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматы менен айкалыштырып келген. Ал Жапониядагы элчиликке 2019-жылдын мартында Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалган.

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Ал бул орунга 2021-жылдын май айында дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG