Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Болгарияда саясий кризистен кийин парламентке кайра шайлоо жарыяланды


Болгариянын өкмөтүнүн алдындагы акциялардын бири.
Болгариянын өкмөтүнүн алдындагы акциялардын бири.

Болгариянын президенти Румен Радев 2-октябрда өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо жарыялады. Ал ошондой эле мурдагы эмгек министри Галаб Доневди шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу премьер-министр кылып бекитти.

2021-жылы Болгарияда үч жолу парламенттик шайлоо өткөн. Былтыр апрелдеги жана июлдагы шайлоолордо бир дагы партия көпчүлүк орунду ала албай, соңунда өкмөт курай албай калышкан. Ноябрда кайрадан шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында "Өзгөртүүлөрдү улантабыз" деп аталган партия үч партияны бириктирип башкаруучу коалиция түзгөн. Аталган партиянын лидери Кирилл Петков премьер-министрликке бекиген.

Июндун аягында парламент Петков баштаган Министрлер кабинетине ишенбестик көрсөткөн. Оппозиция аны инфляция менен жетиштүү күрөшкөн жок деген кине койду. Мындан сырткары аларда финансылык маселелер боюнча талаштар болду.

42 жаштагы, Гарвард университетинен билим алган Кирилл Петков кызматка киришкен учурда коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөрүн айткан. Ал өзүн кызматтан кетирүүгө так ушул күрөш себеп болгонун, коррупционерлер аны алып түшкөнүн айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG