Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

CNN: Орусия Судандан жашыруун жолдор менен алтын ташып жатат


Судандын аскердик хунтасынын башчысы генерал Бурхан.
Судандын аскердик хунтасынын башчысы генерал Бурхан.

Орусия Африкадагы Судан мамлекетинен башка товардын атын жамынып, алтынды тымызын экспорттоп жатканын CNN жазды. Аталган телеканалдын иликтөөсүндө Орусия алтынды момпосуй деп алып чыгып жатканы айтылган. Жалпысынан акыркы бир жарым жыл ичинде Судандан Орусияга алтын жүктөлгөн кеминде 16 учак жөнөтүлгөн. Булактардын айтымында, көмүскө схемага Судандын аскерий жетекчилиги көмөк көрсөткөн. Мунун айынан өлкөгө жүз миллиондогон доллар киреше түшпөй калган.

CNN белгилегендей, Судандын аскерий жетекчилиги барган сайын орусиячыл болуп баратат. Москванын колдоосуна таянат, атап айтканда 2021-жылдагы төңкөрүштү де-факто колдоп, армиянын күчүн бекемдеген. Телеканал отставкадагы америкалык аткаминерге шилтеме жасап, Орусия Судан бийлигине жаратылыш ресурстарына тоскоолдуксуз жетүү үчүн колдоо көрсөткөнүн билдирди.

Москва менен Хартумдун ортосундагы келишимдерде Евгений Пригожин маанилүү роль ойной турганы айтылууда. Анын компанияларынын, ошондой эле аны менен байланышы бар экени айтылган "ЧВК Вагнердин" Африкадагы жана өзгөчө Судандагы ишмердүүлүгү мурда кабарланган. CNN билдиргендей, Суданда Пригожин менен байланышы бар M-invest компаниясы алтын казып, коопсуздук кызматтарын көрсөткөн Meroe Gold компаниясына ээлик кылат.

"Досье" борборунун маалыматы боюнча, Судандын алтынын экспорттоого байланышкан операцияларды Александр Кузнецов (Ратибор же Радимир деген ат менен белгилүү) көзөмөлдөйт. Ал иликтөөдө "ЧВК Вагнердин" жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири катары аталган.

Буга чейин Москва Украинадагы согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып “ЧВК Вагнер” сыяктуу менчик аскердик компаниялардын жалданма жоокерлерин колдонуп жатканы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG