Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

"Газпром" Латвияга газ берүүнү токтотту


30-июлда эртең менен Орусиянын "Газпром" ишканасы газ алуу шарттарын бузганы үчүн Латвияга газ экспортун токтотту. Бул тууралуу "Азаттыктын орус кызматы ("Ридио Свобода") РИА Новостиге таянып жазды.

Мунун алдында латвиялык Latvijas gaze компаниясы Орусиянын газын ортомчу аркылуу ала баштаганын кабарлаган. Компаниянын башчысы Айгарс Калвитис ортомчу ишкананын атын "коммерциялык маалыматка" таянып атаган эмес. Калвитистин айтымында, эсептешүү рубль менен болгондуктан компаниянын газды түз "Газпромдон" сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми ортомчу газды еврого сатат.

Июль айынын ортосунда Латвиянын Сейми 2023-жылдан тарта Орусиядан газ импорттоого толук тыюу салууну жактырган. 2021-жылы Латвия сатып алган газдын 90% жакыны Орусиядан келген.

Латвия буга чейин Орусиянын "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Тизмеде Британия, АКШ, Канада, Жапония жана Европанын бир катар өлкөлөрү бар. Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта бул өлкөлөр орус газы үчүн акыны рубль менен төлөшү керек.

Европа Биримдигинин кеңеши 3-июнда Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин расмий түрдө бекиткен. Уюмга мүчө мамлекеттердин атайын өкүлдөрү документти 2-июнда жактырышкан.

Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алган.

Орусиялык күчтөр "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Европа Биримдиги орус агрессиясына каршы жети пакет санкция кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG