Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Европада маймыл чечегинен каза болгон биринчи учур катталды


Жума күнү, 29-июлда Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечегин жугузуп алган бейтап каза болгонун кабарлады. Бул Европада ушул оорудан каза болгон биринчи учур болуп саналат.

Учурда Испания вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин отчетуна ылайык, өлкөдө оорунун 4 миң 298 учуру катталган. 135 бейтаптын оорусу күчөгөн, алардын көбү "бактериялык инфекциялар жана ооз көңдөйүндөгү жара" менен кайрылган. 120 бейтап ооруканага жаткырылып, бирөө каза болгон.

Мындан мурдараак Бразилия маймыл чечегинен каза болгон бейтап тууралуу кабарлаган.

23-июлда Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебрейесус маймыл чечеги боюнча абалды "саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялаган. Уюмдун соңку маалыматына караганда, май айынан бери бул ооруну 70тей мамлекеттен 16 миңдей киши жуктуруп алган.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.

Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош. Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG