Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Ысык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптады


Ысык-Көлдөгү сел.
Ысык-Көлдөгү сел.

29-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам болжол менен саат 21:30 чамасында, Каракол капчыгайынын эки тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жабылган көпүрөлөр бүгүн оор техниканын жардамы менен тазаланат.

Ушул эле күнү Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында сел жүрүп турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган. Ал эми тазалоо иштери уланууда. Селден кийинки чыгымдар эсептелүүдө.

Быйылкы өзгөчө кырдаалдардын ичинен эң олуттуу материалдык чыгымдарга алып келгени сел каптоолор болгонун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-июлда маалымат жыйында билдирген.

Анын айтымында, жалпысынан өлкөдө сел каптоодон 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган.

Кыргызгидромет 2022-жылдын 29-31-июлунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG