Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

“Центерра Голд” Кыргызстандын компаниядагы акцияларын биротоло жойду


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы менен болгон мурда жарыяланган макулдашуу толук аяктаганын ырастап, өзү Кумтөр кенинен толук чыгып кеткенин жана Бишкектин “Центеррадагы” укугун токтотконун маалымдады.

Компания келишимдин натыйжасында “Кыргызалтындын” 77 401 766 катардагы акциясына ээлик кылып, аны жойгонун билдирди. “Центерра Голд” муну үчүн Кумтөрдөгү өзүнө караштуу “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканалары толугу менен Кыргызстандын бийлигине өткөрүп бергенин тактайт.

Билдирүүдө муну менен чогуу кендеги рекультивация жана айлана чөйрөнү коргоо жоопкерчиликтери да толук Бишкекке берилгени белгиленет. Бул милдет үчүн компания Канадада кармалып калган салыктардан 85 миллион долларды Кыргызстанга бергенин кошумчалаган.

Макулдашууга ылайык, тараптар Кумтөр кенине байланыштуу бири-бирине койгон бардык доолорунан баш тартып, бир пикирге келишкен. Ошондой эле “Кыргызалтындын” атынан “Центерранын” Директорлор кеңешинде мүчө болуп жүргөн Дүйшөн Касенов менен Нурлан Кыштобаев курамдан чыгарылды.

Мунун алдында Кыргызстандын президентинин администрациясы “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялаган. 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү. Бул келишимдерге ылайык, кен толугу менен Кыргызстанга өткөнү, былтыр 15-майдан тартып өндүргөн алтын Бишкектин карамагында калары, “Центерра” кошумча 11 млн. доллар дивиденд төлөй турганы, 50 млн. долларлык бир жолку төлөм берери, 53 млн. долларлык рекультивациялык компенсация берери айтылган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген.

2022-жылы апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тартканы айтылган. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG