Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Сотко алынып келинген блогер Адилет Балтабай күнөөсү жоктугун айтты


Адилет Балтабай
Адилет Балтабай

Бүгүн - 29-июлда Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук иши башталып, процесс бирок саат 15:00ге жылдырылды.

Сотко алынып келинген Адилет Балтабай "Азаттыкка" берген интервьюсунда ага тагылып жаткан айыптарга макул эместигин, эч кандай мыйзамды бузбаганын жана эч бир күнөөсү жоктугун айтты.

"Мага "бийликке баш ийбөөгө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып коюп жатышат. Мен кайсы жерде Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге баш ийбегиле деп айттым, мен кайсы жаранга зордук-зомбулук жасадым? Мени 5 жылдан 8 жылга чейин соттойбуз деп жатышат, кайсы күнөөм үчүн мени эркинен ажыратышат? Мен болгону Фейсбукта өз пикиримди гана айтып келдим", - деди Адилет Балтабай.

27-июлда Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Адилет Балтабай быйыл 30-июнда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, эртеси күнү камалган.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыкка” Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого чакырып келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG