Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Коркутууга кабылган 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды


Аялдар менен балдардын укуктарын коргоо акциясы. 2022-жылдын 8-июлу. Бишкек, Кыргызстан.
Аялдар менен балдардын укуктарын коргоо акциясы. 2022-жылдын 8-июлу. Бишкек, Кыргызстан.

14-июндан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокат районунан табылды. 26-июлда интернетте белгисиз эки адам жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, он миң сом акчаны кайда коротконун сурап, кызга кол көтөрүп жаткан видео тараган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча териштирип, иликтөөлөр аркасында видеодогу кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталды.

Үйүнө барып сураганда апасы 14-июнь күнү 05.00 чамасында 2005-жылы туулган С.Г. аттуу кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айткан, ал бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

"Факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында катталып, издөөгө алынган кыз Ош облусунун Ноокат районунан табылып, апасына эсен-соо өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда акыркы жылдарда кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук күчөп жатканы белгиленип келет. 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президентке кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл бурууну талап кылышууда. (JzA/KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG