Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Улуттук банк коммерциялык банктардын иши боюнча токтомуна өзгөртүү киргизди


Кыргыз Республикасынын улуттук банкы.
Кыргыз Республикасынын улуттук банкы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы 27-июлда "айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун (№ 2022-П-14/47-7-(ПС)) кабыл алды, ага төраганын милдетин аткаруучу Р. Чокоев кол койгон.

Документкен ылайык 2010-жылдын 26-майындагы Улуттук банктын № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго, ошондой эле, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык коммерциялык банктарга кошумча укуктар берилет. Так айтканда «банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө» коммерциялык банктар эми төмөнкү функцияларды аткара алышат:

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;

- аларды банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсеп ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

Жаңы токтомго ылайык киргизилген өзгөртүүлөрдү Улуттук банктын интернет сайтынан төмөнкү дарек менен таанышууга болот:

https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ&material=109384

Аталган токтомго ылайык электрондук кол тамга жана банктык карталарды колдонуу боюнча да жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG