Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Иранда алты айда соттун өкүмү менен кеминде 251 киши дарга асылды


Ирандагы өлүм жазасына тартылгандар тууралуу былтыркы доклад. Иллюстрациялык сүрөт
Ирандагы өлүм жазасына тартылгандар тууралуу былтыркы доклад. Иллюстрациялык сүрөт

Иран жыл башынан бери кеминде 251 кишини дарга асты. Укук коргоочулар муну "адамдын өмүрүнө кол салунун иренжиткен фактысы" деп аташты.

Ирандагы адам укуктарын коргогон Вашингтондогу уюм жана лондондук Amnesty International уюму биргелешкен докладда реалдуу сан мындан көп болушу мүмкүн деп боолголошот.

Алар "өлүм жазасын ишке ашыруу учурлары артып баратат, быйыл 2021-жылы катталган 314 деген сандан ашышы ыктымал”, - деп билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы өлүмгө тартылган 146 киши адам өлтүрүү үчүн айыпталган, бирок “сот процесстери көп маалда адилетсиз өтөрү документтештирилген”.

86 киши маңзаттарына байланышкан кылмыштар үчүн дарга асылган. Ошол эле маалда тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин андай кылмыштар үчүн жогорку жазага тартуу азайган.

Amnesty International уюмунун өкүлү Дайана Элтахэви 2022-жылдын алты айында “Иран бийлиги бир күндө орто эсеп менен бир кишинин өкүмүн ишке ашырып жатканын” белгиледи.

Докладда ошондой эле дүйнөнүн 144 өлкөсү өлүм жазасынан баш тартканы айтылат.

Авторлор маалымат чогултканда айыпталгандардын жакындары, өлүм жазасына өкүм кылынгандар, журналисттер, укук коргоочулар, мамлекеттик жана көз карандысыз медианын маалыматтары өңдүү булактарга таянган.

Иран бийлиги өлкө түрмөлөрү айыпкерлерге толуп калганын моюнга алганы “дарга асуу учурларынын көбөйүшү темир тор артында отургандардын санын азайтуу аракети болуп жүрбөсүн” деген кооптонууга жем таштады.

Укук коргоочулар андай учурлар өткөн сентябрда сот системасынын мурдагы жетекчиси Ибрагим Раиси президент болуп шайланып, анын ордуна мурдагы чалгын министри Гулямхусейн Мохсени Эжеи келгенден кийин көбөйгөнүн белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG