Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Тажикстан Сириядагы лагерде кармалган 146 аялды жана балдарды алып келди


Сириядан кайтарылган тажикстандык аялдар менен балдар. Дүйшөмбү, 25-июль 2022-жыл. "Ховар" агенттигинин сүрөтү
Сириядан кайтарылган тажикстандык аялдар менен балдар. Дүйшөмбү, 25-июль 2022-жыл. "Ховар" агенттигинин сүрөтү

Тажик бийлиги 25-июлда Сириядан 146 аял менен баланы кайтарып келди. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, 104 бала менен 42 аялды автобустар менен аты аталбаган жайга алып кетишти. Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарында согушкан тажикстандыктардын үй-бүлөлөрү мекенине келгенден кийин атайын лагерге жайгаштырылчу.

Тажик жарандары сыягы сириялык күрддөрдүн көзөмөлүндөгү Хасака районунда, "Ал-Хол" лагеринде кармалып келген.

Маалыматка караганда, согушкерлердин үй-бүлөсүн кайтаруу ишин Сириянын Тышкы иштер министрлиги, Эл аралык Кызыл чырым уюму жана Тажикстандын Кувейттеги элчилиги биргелешип координациялаган.

Сириянын түндүгүндөгү "Ал-Хол" жана Рож лагерлеринде 500дөн ашуун тажик аялдар менен балдар кармалууда. Аялдардын көбү күйөөсүн ээрчип барганын айтышат. Алар лагерлердеги кыйын шарттарга даттанып, Тажикстандын бийлигинен алып кетүүнү өтүнүшкөн.

2019-жылы Ирактан тажикстандык 89 бала кайтарылган. Ондогон аял ал өлкөдө абакка кесилген.

Расмий маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушуу үчүн Сирия менен Иракка 2 миңдей тажик жараны кеткен. Бир тобу мерт болгон же камалган, көбүнүн дайыны жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG