Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Депутат Түлөбаев көлдөгү эс алуусу тууралуу видеого түшүндүрмө берди


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу тууралуу видео талкууга түштү. 25-июлда социалдык түйүндөргө жарыяланган видео тууралуу комментарий жазгандардын айрымдары көл жээгинде мончо, сауналарга тыюу салынганына карабастан депутат ошол жердеги мончого түшүп чыкканын айыптап, ал мыйзам бузганын айтышса, кээ бирлери тыюу убактылуу гана салынганын белгилешти.

26-июлда Түлөбаев Фейсбук аркылуу кайрылуу жасап, видео тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, фракциянын депутаттары кандай маселелерди көтөрүү керектигин талкуулап алуу жана консультация үчүн “Коста брава” пансионатына барышкан, ошол жерден эл менен чогуу көлгө түшүшкөн.

“Ал кичинекей эле жер… Мурун сауна экен. Ичине кирип… Кичине жылытып коюптур. Жылынып, кайра чыгып… Көлгө түшүүнүн адеби бар. Биз, көлдүктөр, булгабайбыз көлдү. "Кирин эзип жатыптыр, мончого түшүп жатыптыр" деп элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула. Ал жер кичине чай, суу коюп коюп... Улам көлгө түшкөн сайын кирип.... Эми кичине жылытып коюптур. Ал иштебеген сауна экен. Мага ошентип айтышты”.

Чөнтөк телефонго тартылган видеодон Түлөбаев суунун үстүндөгү пирсте жыгачтан жасалган жайдан чыгып келатканын көрүүгө болот.

Ысык-Көлдө көлдүн үстүнө мончо же сауна орнотуп иштетүүгө өкмөт 2016-жылы тыюу салган. Жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мекемелерге андай жайларды жабуу тапшырмасы берилген.

Ысык-Көл жайкысын эс алуучу эң көп каттаган жер. Соңку жылдары анын экологиялык абалы боюнча маселе көтөрүлүүдө. Бир кыз көлдө башын самындап жууп жаткан, бир аял велосипед менен сууга секирген, бирөөлөр итин сууга түшүрүп жаткан видеолор да азыр кызуу талкууланып жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG