Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Зеленский Европаны Орусиянын "газ согушуна" каршы чара көрүүгө чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европаны Орусиянын “газ согушуна” каршы чара көрүүгө чакырды. 25-июлдагы видео кайрылуусунда ал “Газпром” ишканасы “Түндүк агым-1” кууру аркылуу газ берүүнүн көлөмүн 20% азайтканын жарыялаган Москвага каршы санкцияларды күчөтүү керектигин, себеби Орусия Европага жаңы коркунуч жарата баштаганын айтты жана муну орус бийлигинин бириккен Европага каршы “ачык жүргүзүлө баштаган газ согушу” деп атады.

"Түндүк агым-1" – орус газы Германияга жана Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө газ жеткирүүчү негизги куур. Анын кубаттуулугу суткасына 167 миллион куб метр газды түзө алат.

Июнь айында "Газпром" газ берүүнү азайта баштаган жана муну техникалык себептер менен түшүндүргөн. Азыр ал аркылуу өтүп жаткан газ 67 миллион куб метрди түзүүдө.

“Газпром” 27-июлдан тартып куурдун дагы бир турбинасынын ишин токтоторун, газ берүүнүн көлөмү суткасына 33 миллион куб метр болуп каларын 25-июлда жарыялады. Г

ерманиянын жетекчилиги орус тараптын бул кадамдарын техникалык эмес, Украинада жүргүзүп жаткан согушу үчүн Орусияга Батыш жарыялаган санкцияларга байланыштуу саясий маселе деп сыпаттоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG