Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Аба ырайы: күн ысыйт


Өрүк. (Иллюстрациялык сүрөт)
Өрүк. (Иллюстрациялык сүрөт)

Кыргызгидромет 25-июлга чейин Кыргызстандын аймагында ченемден тышкары ысык жана кургак аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Абанын күндүзгү табы Чүй өрөөнүндө 41°, Таласта 39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 42º чейин ысыйт. Кыргызгидромет аптаптуу күндөрү ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат.

Эртең, 24-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 35…40;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 36…41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 23…25, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында эртең күндүз өткүн өтүп күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 15…17°, күндүзү 27…29° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG