Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Казакстанда кыйноого кабылган кыргыз музыкантынын сүрөтү көргөзмөгө коюлду


Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр.

Казакстандын Алматы шаарында быйылкы жылдын Январь окуяларынын курмандыктарына арналган «Yмүт» көргөзмөсүнө кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун да портрети коюлду. Бул тууралуу ал 22-июлда Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, драма коштолгон өзгөчө графикалык ыкма менен тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү бир катар эл аралык арт-долбоорлордун катышуучусу, белгилүү казакстандык сүрөтчү Асхат Ахмедьяровдун демилгеси менен уюштурулду.

Музыкант азыркы заманда аскер туткуну болуп калуу үчүн сөзсүз саясий системалар кагылышкан согуш талаасына баруунун да кереги жок экенин белгилеп, “жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү тынчтык заманда туткун болуп калып жатышат” деген оюн жазды.

Викрам Рузахунов. Архивдик сүрөт.
Викрам Рузахунов. Архивдик сүрөт.

Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону расмий такталган.

Ошол кезде Казакстанда иштери менен жүргөн белгилүү кыргызстандык музыкант, пианист Викрам Рузахунов кармалгандан эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Казакстандагы Январь окуясы боюнча “Кыйноо” беренесинин негизинде козголгон иш убактылуу токтотулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG