Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

“МедиаХаб” кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компанияларды таап чыкты


Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыкты. Бул тууралуу иликтөө Токтакуновдун Youtube каналында жарыяланды.

Программада айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Кат аркылуу баарлашууда уюм Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдиришкен. Жарыянын ээлери кайрылгандарды Краснодар аймагынын Молькино айылына барууга чакырат. Андан ары иш издегендер Украинага аскерий операцияларга катышуу үчүн жөнөтүлөт. Аскерий даярдык талап кылынбай турганы, жада калса соттолгон адамдарды да ала беришери көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, Молькинонун жанында Орусиянын аскерий базасы жана аскерлерди согушка жалдап иштеген орусиялык "Вагнер" жеке компаниясынын имараты жайгашкан. Ал өз кезегинде «пионерлердин лагери» деп аталчу. Бул тууралуу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин жазып чыгышкан.

Украинадагы согушка катышуу үчүн түзүлгөн “Ыктыярдуу батальондор” (иш жүзүндө келишимдик негиздеги жалданмачылар) Орусиянын ар кайсы аймактарында жаз айларынан тартып түзүлө баштаган. Андан бери Чеченстанда, Татарстанда, Башкырстанда, Перм крайында, Киров жана Нижогород облустарында өздөрүнүн отряддары пайда болгон.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же, “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG