Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Украин-орус тараптар Запорожьеде аскерлердин сөөгүн алмашты


Украинанын аскерлери орус аскерлеринин өлүктөрүн ороп-чулгап жатышат. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аскерлери орус аскерлеринин өлүктөрүн ороп-чулгап жатышат. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва менен Киев Украинанын Запорожье облусунда согушта курман болгон аскерлердин сөөгүн алмаштырды. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги кабарлап, тараптар “45ке 45” формуласы менен алмашуу өткөргөнүн маалымдады.

Украина менен Орусиянын ортосунда аскерлердин сөөктөрүн биринчи жолу 2-июнда бири-бирине өткөрүп берген. Анда 160 жансыз дене алмашылган. Орусиянын “Биринчи каналынын” аскердик кабарчысы Ирина Куксенкова анда Киев Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда каршылык көрсөтүп жатып мерт болгони аскерлердин сөөктөрүн алганын кабарлаган.

Кийинки үч алмашуу – 7-июнда “50гө 50”, 14-июнда “56га 56”, 21-июнда “35ке 50” деген формулалар менен ишке ашкан.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 4-июлга карата украин куралдуу күчтөрүндө кызмат кылган 400дөн ашуун аскердин сөөгү мекенине кайтарылганын тактаган. Ал бул өтө аз экенин жана эки тарапта тең өлгөндөр көп экенин айткан. Верещук Москва орус коомчулугунда нааразылык чыгып кетишинен чочулап, көп учурда өлүктөрдү алмаштыруудан качып жатканын белгилеген.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган беш айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар өлдү. Эки тараптын кагылышуусунан ошондой эле миңдеген аскерлер кырылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG