Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 545 киши соттолду


Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу ачылган 429 кылмыш иши сотко өтүп, алардын алкагында 545 адам соттолду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын башчысынын орун басары Елдос Килымжанов 18-июлда Нур-Султанда өткөн атайын брифингде билдирди.

Анын айтымында, мунун 83ү “бийлик органдарына зомбулук көрсөтүү жана мүлктөрдү талкалоо боюнча оор кылмыштарга айыпталганы үчүн” эркинен ажыратылды. Учурда калган кылмыш иштери боюнча 349 киши шектүү катары камакта отурат.

Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.

Президент Касым-Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин ачык айткан. Ал өлкөдө бийликти күч менен алмаштыруу аракети болгонун айткан, бирок анын уюштуруучуларын так атаган эмес.

Бийлик бул окуяларда кеминде 238 киши каза тапканын билдирген. Мунун алтоо кармалгандан кийин изолятордо кыйноодон көз жумган. Миңдеген киши терроризмге, жапырт тополоң, курал-жаракты уурдоого шек саналып кармалган. Бийлик ушу кезге чейин каза болгондордун жана кармалгандардын аты-жөнүн жарыялаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG