Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Сузактын тургундары өкмөткө мектептерди жаңылоо талабын коюшту


Өкмөт мүчөлөрү менен элдин жолугушуусу. Ноокен району. Июль 14, 2022
Өкмөт мүчөлөрү менен элдин жолугушуусу. Ноокен району. Июль 14, 2022

Сузак районунун жашоочулары 15-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда мектеп маселесин көтөрүштү.

Алар эскилиги жеткен, ашар жолу менен курулган авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы, сапаттуу имараттарды курууну талап кылды.

Жергиликтүүлөр окуу жайдагы китептердин сапаты начар экенин айтып, райондогу жатак мектепте балдардын үч маал тамагына бөлүнгөн акчанын көлөмүн көбөйтүү маселесин көтөрдү.

Мындан тышкары райондогу мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр, адам укуктарынын бузулушу, айрым социалдык маселелер жана жер семирткичтердин кымбат болуп жатканы айтылып, бул көйгөйлөрдү чечүүнү сурашты.

Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилердин эл менен жолугушуусу 7-июлда Токтогул районунан башталган. 15-июлда түштөн кийин Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушат.

Президент Садыр Жапаров 4-июлда күч түзүмдөрүнүн, айыл чарба жана башка мекемелердин жетекчилерине эл менен жолугушууга тапшырма берген.

Кыргызстанда акыркы эки жылда 150дөй мектеп жаңыланганын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда президенттин катышуусунда өткөн өкмөттүк жыйында билдирген. Алардын 59у 2021-жылы, 66сы быйыл жаңыланды. Анын ичинде 104 мектеп жаңы стандарттардын негизинде курулган. Дагы 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 250гө жакыны авариялык абалда. Бул ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет. (TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG