Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Бишкек шаардык соту зордуктоо иши боюнча чечимге түшүндүрмө берди


Зомбулукка каршы акция. Архивдик сүрөт.
Зомбулукка каршы акция. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту тараткан маалыматка ылайык, 13 жаштагы кызды зордуктоо тууралуу окуя 2013-жылы сентябрь айында болгон. 2015-жылдын июнь айында жабырлануучунун апасы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Сентябрь айында кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы эки балага айыбы угузулган.

Шаардык соттун маалыматына караганда, шектүүлөр жашаган жеринен кетпөө тил каты менен бошотулган. Тергөөдөгү кемчиликтерди толуктоо үчүн кылмыш иши кайрадан укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Ишти кайра тергөөгө жөнөтүү талашы бардык инстанцияларда каралып, Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот кайра кароого жиберген.

Иш Сокулук райондук сотунда 2018-жылы апрель айында карала баштаган. 2019-жылы райондук сот эки шектүүнү күнөөлүү деп таап, бирин 8 жыл, экинчисин 8 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Чечим боюнча Жогорку сотко арыз берилип, андан кийин 2022-жылдын февраль айында иш кайрадан Бишкек шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

2022-жылы 13-июлда айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (9 жыл) жаза чегерилген эмес. Шаардык сот жашы жете электерге кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн жарымы гана колдонуларын белгиледи.

Буга чейин Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан.
(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG