Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Салык чек: лотереянын эки байгеси жокко чыгарылды


"Салык чек" лотереясынын байгеси.
"Салык чек" лотереясынын байгеси.

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) чеги аркылуу ойнотулган лотереянын эки байгесин жокко чыгарды. Комиссия iPhone 13 жана микротолкундуу меш утуп алган байге ээлери лотереянын талаптарын бузушкан деп тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын бири ишкананын бухгалтери болуп иштегени, ал мекеменин ККМ чектерин сканерлеп 3 билети тең байгелүү болуп чыкканы аныкталган. Анын эки утушу жокко чыгарылды. Ал эми экинчи жаран мөөнөтү өтүп кеткен документ менен катталган. Салык кызматы жарандарды лотерея мыйзамдарын бузбоого чакырат.

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи жеңүүчүлөрүн 1-июлда аныктаган. Анда эки автоунаа жана телефон сыяктуу үй буюмдары ойнотулган.

Министрлер кабинети көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууну жайылтуу максатында 10-майдан тартып кассалык чектер менен лотерея ойнотуларын, баалуу сыйлыктар берилерин жарыялап келет. Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG