Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Кыргызстанда жол кыймылын одоно бузгандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт


Бишкекте 2021-жылы 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата өткөн акция.
Бишкекте 2021-жылы 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата өткөн акция.

Министрлер кабинети автоунаа кырсыктарын алдын алуу максатында жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Кандай чаралар экени айтылган жок.

Жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берип, 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 4000 адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганын билдирди. Министрдин айтымында, жалпы жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Кырсыктан каза болгондордун 70% ишке жарамдуу 25-40 жаштагы адамдар.

“Айрыкча балдар арасында жаракат алагандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр - жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт”, - деди министр.

Ал кырсыктардын алдын алуу үчүн автоунаанын ылдамдыгы боюнча чараларды күчөтүү керек экенин белгиледи.

Учурда мас айдоочулардын жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууда турат. Документ кабыл алынса, мас абалында машине айдап эреже бузгандар алты айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт сегиз жылга чейин деп көрсөтүлгөн.

Былтыр 5 миңдей жол кырсыгы катталып, набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашкан. 2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG