Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Украинада ракета тийген турак жайдын алдынан отуздан ашык өлүк чыгарылды


Часов Яр шаарындагы орус ракетасы тийген көп кабаттуу үйдөгү куткаруу иштери.
Часов Яр шаарындагы орус ракетасы тийген көп кабаттуу үйдөгү куткаруу иштери.

Орусиянын күчтөрү ракеталык сокку урган Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 31 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу шаар баш ийген Донецк облусунун Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Жалпы тогуз адам аман куткарылды. Издөө иштери дале уланууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Часов Ярга чабуул Орусиянын аскердик кылмыштары боюнча маселени кайрадан күн тартипке чыгарарын билдирди.

Часов Яр – орус армиясы бутага алган Краматорск шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Согуш башталганга чейин калаада 12 миңдей киши жашачу. Шаардагы турак жайларды орус күчтөрү 9-июлда "Ураганов" ракеталары менен аткылаган.

Соңку күндөрү Украинанын экинчи чоң шаары – Харьковго бир нече ракета атылганы кабарланды. Украин Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги мындан башка да чыгыш жана түштүктөгү калктуу конуштарга чабуулдар болуп жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук Херсон облусунун жайкын тургундарын коопсуз жерлерге көчө турууга чакырды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG