Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Иранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды


Ирандын Керманшах университетинин Медициналык институту. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын Керманшах университетинин Медициналык институту. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын Керманшах университетинин окутуучуларынын бийлегени тартылган видео интернетте чыгып кеткенден кийин жети профессор жумуштан бошотулду.

Медициналык институттун окутуучулары 1-июнда өткөн бүтүрүү кечесинде бийлешкен. Видео тасма жакын арада эле тарап кеткен.

Норвегияда жайгашкан Ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (HRANA) жазгандай, профессорлор аял-эркек аралаш бийлегени үчүн жана иш-чарада аялдар хижабды “туура эмес” кийишкени үчүн айдалган. Видео интернетке тарап кеткен соң университеттин жетекчилиги иш-чараны айыптап, ал алардын уруксаты жок өткөнүн айтып кутулган.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жаштан чоң кыздарга жана аялдарга коомдук жайларда хижаб кийип жүрүү милдеттүү эреже катары киргизилген. Көптөгөн аялдар ошондон бери бул талапты адам укуктарын бузуу катары баалап, айыпташкан. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы активисттер да муну сынга алып, аялдар жоолуксуз түшкөн видеолорун таратышкан.

Быйыл июнь айында эле Ирандын бийлиги Шираз шаарында кыздар менен эркек балдар чогуу скейтборд тепкен окуя боюнча чара көрүп, иш-чаранын он катышуучусун камакка алган.

8-июлда Ирандын президенти Ибрагим Раиси хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү тапшырды. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG