Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Тажикстанда милиция журналист Завкибек Саидаминини кармап кетти


Завкибек Саидамини. Архивдик сүрөт
Завкибек Саидамини. Архивдик сүрөт

Ишембиге караган түнү Дүйшөмбү шаарында журналист, социалдык тармактарда өз ой-пикирлерин активдүү жазып жүргөн блогер Завкибек Саидаминини кармап кетишти. Жакындары аны Вaхдат шаарынын ички иштер бөлүмүнө алып кетишкенин «Озоди» радиосуна айтып беришти.

Расмий органдар журналисттин кармалышын комментарийлешкен жок. 7-июлда Вахдатта дагы бир журнаист Абдусаттор Пирмухаммадзода сурак берген. Бирок ал эмне тууралуу сөз болгонун айтуудан баш тартты.

Пирмухаммадзода жана Саидамини 15-июлда камакка алынган кесиптештери Далер Имомали менен Абдулло Гурбатиге колдоосун билдиришкен.

Акыркы эки айда Тажикстанда бери дегенде беш журналист жана блогер кармалган, «Озоди» радиосунун жана «Настоящее время» телеканалынын кабарчыларына кол салуу болгон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар кошуна өлкөдө журналисттерге жана жарандык коом өкүлдөрүнө басым-кысымды катуу сындашууда. Тажик бийлиги журналисттерди атайлап бутага алууда деген дооматтарды четке кагып, алар ар кандай кылмыштарга шектелип кармалганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG