Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулду


Кыргызстандын сунушу менен Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргени аталган органдын расмий сайтында кабарланды. Анда Мясникович Өзбекстан менен ЕАЭБдин алакасы тууралуу комментарий берип жатып, темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

"Азыркы тапта тараптар долбоордун техникалык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Башкы маселелер темир жолдун багыты, колеянын эни жана каржылоо схемасы", - деп билдирген Мясникович.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган болчу.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG