Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Кримтөбөл Жумагулов боюнча тарап жаткан маалыматка расмий комментарий бериле элек


Чыңгыз Жумагулов. Архивдик сүрөт.
Чыңгыз Жумагулов. Архивдик сүрөт.

Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында жолдо кетип бараткан машинага ок атылганы тууралуу тарап жаткан маалымат боюнча укук тартибин коргоо органдары расмий комментарий берише элек. “Азаттык” радиосу 9-июлда бул боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматтарына кайрылып, маалымат ала алган жок.

Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн тушунда жолдо бараткан кара түстөгү “Гелендваген” машинасынын алдын тороп токтогон бустун ичинен атайын кийимчен, куралчан адамдар чыгып, аны артынан кубалап жөнөгөн видеонун үзүндүсү 8-июлда Интернетте тараган. Айрым маалымат каражаттары “Гелендвагендин” ичинде криминалдык чөйрөдө Дөө Чыңгыз деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов болгонун, ага ок тийгенин, бирок качып кетүүгө үлгүргөнүн жазышкан.

Ошол эле учурда Интернетте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин Бишкектин, Чүйдүн жана Оштун тийиштүү милиция башкармалыктарына жөнөткөн багыттык маалымкаты деген сүрөт тараган. Анда 8-июлда кечки саат алты чамасында Көк-Жарда УКМКнын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин негизинде “Көлбаев” уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн, алардын арасында Дөө Чыңгыз деген каймана аты бар 41 жаштагы Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракетин көргөн учурда алар каршылык көрсөтүп, белгисиз жакка качып кетишкени жазылган жана аларды кармоого багыт берилген. Ошондой эле ал маалымкат деген кагазда Жумагулов Чүйдүн Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылынын тургун экени белгиленип, “Кармоо учурунда мүмкүн болушунча сак жана этият болуу керек, шектүүлөр куралчан болушу жана каршылык көрсөтүшү ыктымал” деп жазылган.

Маалымкат деп тарап жаткан бул сүрөттүн чын-төгүнү тууралуу да расмий органдар маалымат берише элек.

2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошонуп чыккан.

2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган.

Багыттык маалымкат деп тарап жаткан сүрөттө көрсөтүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” деп аталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG