Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:39

Мигрант кыз-келиндерге психологиялык жардам берүү кызматы иштей баштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Екатеринбург шаарында мигрант кыз-келиндер үчүн психологиялык жана укуктук жардам берген ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин негиздөөчүсү Гүлнара Дербишева “Азаттыкка” кабарлады.

Дербишеванын айтымында, мигрант кыз-келиндер телефон аркылуу жана жеке кабыл алуу менен психологдордон акысыз кеңеш ала алат.

“Жыл башында Орусиядагы мигрант кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Алар жумуш берүүчүлөрдөн, ортомчулардан ыдык көрөрүн, сексуалдык кодулоого кабылганда, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондо кимге кайрылып жардам аларын билбей кыйналарын айтышкан. Ошондуктан, азырынча төрт айга сыноо мөөнөтү менен Екатеринбургда бул кызматты ачтык. Кайрылгандар эки жумада 30дан ашык кыз-келин болду. Эң көп маселе сексуалдык ыдык, харрасмент, үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатат", - деди Гүлнара Дербишева.

Бул кызмат “Инсан Лейлек” коомдук фонду менен бирге уюштурулганын жана жакында Москва шаарында да иштей баштаарын кошумчалады.

Мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2019-жылы уюшулуп, учурда Орусияда иштеген 8 миңдей мигрант мүчө болгон. Бирикмеси 2020-жылдан бери мигранттардын 20 млн. рубль айлык акыларын иш берүүчүлөрдөн өндүрүп берген.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Иш берүүчүлөр менен эмгек келишими жок иштеп, айлык акыларын ала албай, түрдүү ыдыкка кабылган кыргызстандыктар миңдеп саналат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG