Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

БУУ Кыргызстанды аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырды


Сүрөтчү Татьяна Зеленская. 2021-жылдын 8-марты.
Сүрөтчү Татьяна Зеленская. 2021-жылдын 8-марты.

Бириккен Улуттар Уюму кыргыз бийлигинин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун коргоодогу аракеттерин эске алуу менен Кыргызстандагы акыркы айлардагы аялдарга карата үрөй учурган зомбулуктун күнөөкөрлөрү жазасыз калганын тынчсыздануу билдирет.

БУУ Кыргызстан аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциялардын катышуучусу экенин белгилейт. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек экени айтылат. Уюм аялдарды жана кыздардын укуктарын жетиштүү деңгээлде коргоого чакырды.

Кыргызстанда 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Укук коргоо органдарына сын-пикир күчөп, бир катар бейөкмөт уюмдар кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча президентке кайрылышты.

7-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирди.

Ал сот акыйкат жаза берерине ишенерин жана "кылмыш жасаган акмактардын аракети эч кандай актоого жатпай" турганын жазды.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди.

Милициянын статистикасына караганда, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и (53%) кыскарганы белгиленген. Ага кылмыштын курамы жок болгону себеп болгон. Өндүрүштөгү 249 кылмыш ишинин 223үнүн (89,5%) бети ачылган. 148 факты сотко өткөрүлгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG