Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Улуттук банк: Валюта базарында абал салыштырмалуу туруктуу


Улуттук банктын башкы имараты.
Улуттук банктын башкы имараты.

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу 6-июлда “Биринчи радионун” түз эфиринде маалымат берип жатып Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери улуттук валютанын долларга карата расмий курсу 6,25% бекемделди.

“Биз валюта рыногундагы абалга көз салып турабыз. Ал геосаясаттагы кырдаалга, негизги соода өнөктөшүбүз болгон өлкөлөрдөгү абалга, накталай эмес доллардын агымына байланыштуу болууда”.

Доллардын курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу максатында Улуттук банк быйыл жыл башынан бери интервенция жолу менен валюта базарына жалпысынан 284 миллион доллар чыгарганын айткан Карабаева соңку кездери накталай эмес долларды сунуштоого караганда ага болгон суроо-талап азайганына байланыштуу 190 миллион долларлык сатып алуу интервенциясын жүргүзгөнүн кошумчалады.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери төмөндөп отуруп, расмий курсу 79-80 сомдон болууда.

Ал эми акча алмаштыруучу жайларда соңку эки күндөн бери доллар жана евро 3-4 сомго кымбаттай баштаганы байкалууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG