Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Өзбекстан менен Казакстандын чек арасында чектөө киргизилди


Казак-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Казак-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Даут ата" өткөрмө бекети убактылуу жабылып, автоунааларды жана адамдарды өткөрүү токтотулду.

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы 2-июлда кабарлады. Чектөөлөр Каракалпакстанда массалык нааразылык акциялары башталгандан бир күндөн кийин киргизилди.

Казакстандын коопсуздук кызматы "өткөрмө бекеттеги чектөөлөр Өзбекстан тараптан маалыматтык система иштен чыкканы" тууралуу кабар келип түшкөндөн кийин киргизилгенин кабарлады. Мекеменин маалыматында Каракалпакстан — Бейнеу (Мангыстаудагы темир жол бекети) темир жол каттамын да убактылуу токтотуу мерчемделип жатканы жазылган.

Казакстандын Мангыстау, Актөбө жана Кызылордо облустары Өзбекстандагы Каракалпак автономиялуу республикасы менен чектеш.

1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында миңдеген адамдар Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө нааразы болуп көчөгө чыккан.

Алар Конституциянын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамы жоюлуп, Өзбекстандан өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугун ажыраткан сунушка каршы. Акцияга чыккандар жергиликтүү активист Даулетмурат Тажимуратовдун камалышына да нааразы болушкан.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын жетекчиси Аман Сагидуллаев "Азаттык" радиосуна Даулетмурат Тажимуратов камалгандан кийин нааразылык курчуганын билдирген. Тажимуратов 5-июлда элди тынч митингге чыгууга үндөгөн. Кийинчерек анын бошотулганы маалым болду.

Нукуста учурда мобилдик интернет өчүрүлгөн. Нааразылык акциялары Каракалпакстандын Чибай жана Муйнак шаарларына да жайылды.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын нааразылыгына "конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши" себеп болгонун билдирди.

"Учурда коомдук тартип калыбына келтирилди. Жарандар менен мыйзам бузууга жол берилбей турганы жөнүндө түшүндүрүү жана алардын кайрылууларын тиешелүү тартипте кароо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп белгиленген министрликтин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Анда митингге чыккандардын талабы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG