Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Украинанын 144 аскер кызматкери туткундан бошотулду


"Азовсталды" коргоп жатып, туткунга түшкөн украиналыктар.
"Азовсталды" коргоп жатып, туткунга түшкөн украиналыктар.

Украина туткунга түшкөн 144 аскердик кызматкери бошотулганын жарыялады. Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 29-июнда Телеграм аркылуу билдиргендей, бул аскерлер согуш башталгандан берки эң чоң туткун алмашуу жараянынын алкагында мекенине кайтып барышты.

Расмий маалыматта туткундар качан, кандай шартта бошотулганы так айтылган эмес. Украинага кайтып баргандардын арасында орус күчтөрүнүн колуна өткөн Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводун коргогон 95 аскердик кызматкер бар. Алардын 43ү "Азов" полкунда кызмат өтөгөн.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчил түзүмдөрдүн лидери Денис Пушилин туткун алмашуу болгонун ырастап, жикчилдердин да 144 жоокери артка кайтып келгенин маалымдады.

Украинанын Мариупол шаарында 2 миңдей украин аскерлери туткунга түшкөн. Алар дээрлик үч ай бою шаарды орус күчтөрүнөн коргоп келишкен. Украин бийлиги аларды бошотуу боюнча бардык аракет көрүлө турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG