Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Дашковдун коррупцияга айыпталган уулу үй камагына чыкты


Василий Дашков.
Василий Дашков.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковдун коррупцияга айыпталган уулу Даниил Дашков үй камагына чыкканы 29-июнда белгилүү болду.

Бишкек шаардык соту мындай чечим 9-июнда кабыл алынганын кабарлады.

Василий Дашковдун өзү саламаттыгына байланыштуу үй камагына быйыл январь айында чыккан. 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ага "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, "2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон" деген айып койгон. Андан сырткары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болгон.

Дашковдун мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сом деп эсептелген. Адвокаты ага коюлган айыптарды четке каккан.

Атайын кызмат "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында анын уулу да бар экенин билдирген. Ал июнь айында тергөө абагына киргизилген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орун басары болгон. Анын аты коомчулукта коррупциялык иштерге байланыштуу аталгандан кийин 2021-жылы мартта кызматтан алынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG