Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Сот Temirov LIVE каналынын техникаларын кайтаруу чечимин чыгарды


Болот Темиров. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров. 23-январь, 2022-жыл.

Бүгүн, 28-июнда Свердлов райондук соту Temirov LIVE каналынын кеңсесинен далил буюм катары милиция алып кеткен техникаларды ээсине кайтаруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров “Азаттыка” билдирди.

“Сот чечимин кечке жуук алдык. Эми милицияга чечимди алып эртең барабыз. Компьютерлердин шаймандарын, техникаларыбызды алабыз. Техникалардын акыбалдары кандай экенин барганда көрөбүз”,-деди журналист.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG