Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Күрөш: Орозобек Токтомамбетов жаштар арасында Азия чемпиону болду


Орозобек Токтомамбетов
Орозобек Токтомамбетов

Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын байге алды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Орозобек Токтомамбетов бүгүн, 25-июнда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Досжан Ассетовду 10:6 эсебинде жеңди. Буга чейин Токтомамбетов төрт атаандашын уткан.

Алгач айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Каран Каранды, өзбекстандык Бегижон Кулдашевди, тажикстандык Мустафо Ахмедовду, жарым финалда түркмөнстандык Арслан Аманмурадовду жеңген.

Күрөштүн бул түрүнөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу күмүш, 97 килограмм салмакта Каныбек Абдулхаиров коло байге алды. Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтүп, Кыргызстандын эсебине үч күмүш жана бир коло байге жазылды.

72 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева, 65 килограмм салмакта Дилназ Сазанова, 62 килограмм салмакта Бермет Нуридин кызы күмүш, 57 килограмм салмакта Калмира Билимбекова коло байге алды.

Ушуну менен кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар аяктады.

Бир күн мурда Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү эки алтын жана эки коло байге алган. 24-июнда Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын медал, Сезим Жуманазарова (59 кг) менен Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло медалга ээ болушкан. Эки алтын, үч күмүш жана үч коло байге менен Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте беш өлкөнүн ичинен 2-орунду алды. 1-орунда Индия, 3-орунда Казакстан жайгашты.

17 жана 23 жашка чейинки курактагылар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 26-июнда аяктайт. Акыркы мелдеш күнү эркин күрөштөн жети салмакта байгелер ойнотулат. Мелдешке 11 өлкөдөн 600гө жакын спортчу келди.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 24-июнда жыйынтыкталган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан үч алтын, алты күмүш байге алып, командалык эсепте 1-орунду алган. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG