Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Президент Бейшеналиев менен Зулушевдин экөөндө тең күнөө бар деп эсептей турганын билдирди


Курманкул Зулушев, Садыр Жапаров, Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж сүрөт.
Курманкул Зулушев, Садыр Жапаров, Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж сүрөт.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маселеси боюнча пикирин билдирип, «экөөндө тең күнөө бар» деп 25-июнда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматка киришкенине, Бейшеналиев үй камагына чыгарылганына байланыштуу "соодалашуу жүргөн окшойт" деген күмөн ой жаратканы тууралуу суроого жооп берип, андай болбогонун айтты.

Адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүздүргөнүн, “өтө эле жогорку деңгээлде күнөөгө тартып жиберчү кылмыш эмес болуп чыкканын” айткан Жапаров “Ошон үчүн баш прокурор кайра кызматына кайтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин иши тергөөнүн жыйынтыгына жараша болот” деп билдирди.

Зулушев жана Бейшеналиев кызматынан президенттин тескемеси менен 4-июнда убактылуу четтетилишкен жана буга экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп болгону айтылган. Башкы прокурор өз милдетин аткарууга кайра 16-июнда киришкен.

Бейшеналиев 2-июнда кармалып, 4-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган, кийин үй камагына чыгарылган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген.

3-июнда президент Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан жана "Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы" деген.

16-майда "Азаттыкка" курган маегинде Бейшеналиев "Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу" деп айтып берген.

Эки жетекчинин ортосундагы чырдын төркүнү эмнеде экени белгисиз.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG